Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын

 

2024-жылынын 24-январы №14/8

 

 « “Таза Үч-Коргон” муниципалдык ишканасынын жетекчиси У Кушаковдун кайрылуусу жөнүндө ».

 

          Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн алдында иш алып барган “Таза Үч-Коргон” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин 22.01.2024-жылындагы №01-02/23сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

          1. Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагында “Таза Үч-Коргон” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылуучу бир айлык кызмат төлөмдөрү төмөнкү тартип менен бекитилсин.

o   Жеке турак жайда жашаган ар бир жаран үчүн -20сом,

o   Коомдук соода сатык түйүндөрү (жалпы маанидеги базарлар)  -2400 сом,

o   Соода сатык түйүндөрү (100 чарчы метрге чейин) -100 сом,

o   Соода сатык түйүндөрү (100 чарчы метрден жогору) -200 сом.

 

           2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.

 

          3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өмөтүнүн башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага:

Таштанбай уулу Манас