НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
2024-жылынын 24-январы №14/9
«Нарын –Суу” Суу пайдалануучулар ассосациясынын (СПА) карамагындагы РП-1, РП-2, МП-1, МП-2 каналдары Аксы райондук Суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө».
Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтү М. Жапаров жана суу пайдалануучулар ассосациясынын (СПА) жетекчиси К. Шайымкуловдун кайрылуусу боюнча угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагын сугат суу камсыздаган “Нарын –Суу” (СПА) Суу Пайдалануучулар Ассосациясынын балансында турган РП-1, РП-2, МП-1, МП-2 каналдары мамлекеттик менчикке өткөрүлүп, ыкчам башкаруу жагы Аксы суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берилсин.
- Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жапаровго жүктөлсүн.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |