Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы 

 

2024-жылдын 9-сентябры № 8/10

Кутмаматов Өмүрбек Курсанбековичке Боз участкасында жайгашкан айыл чарба багытында эмес жерлер категориясында турган 1,50 га жер аянтын мурдагы (Кызыл-Кийское шахтауправление), айыл чарба багыты жерлер категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндө

 

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жыл 5-сентябрындагы Чыг:№01-04/357 сандуу катындагы маселени депутаттар толугу менен талкуулап,  “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын корутундууларынын негизинде Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.     Кутмаматов Өмүрбек Курсанбековичке Боз участкасында жайгашкан айыл чарба багытында эмес жерлер категориясында турган 1,50 га жер аянтын мурдагы (Кызыл-Кийское шахтауправление), айыл чарба багыты жерлер категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берилсин. 

2.     Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

М.Кочконова