АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 64
Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылында тигүү цехин ижарага берүү жөнүндө.
АРИС коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу боюнча долбоордун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 катынынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Ак-Сай айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясытоктом кылат:
- Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылында АРИС программасынын колдоо негизинде тигүү цехи уюштурулуп,жумуш орундары түзүлгөндүгү жана коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу боюнча долбоордун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 каты көңүлгө алынсын жана канаатандырылсын.
- “Муниңипалдык мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү жобо” 8-бөлүм менен толукталып бекитилсин.
- Ак-Сай айыл аймагындагы тигүү цехин бизнес-өнөктөшкө убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жана Ак-Сай айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү,спорт,миграция боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Халматов |