ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 1
Баткен районун аймагында административдик-аймактык реформа боюнча долбоор айылдык кеңештин сессиясында кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү”Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 04-сентябрындагы №01-27/1245катынын негизинде депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарына Ак-Сай айыл өкмөтүнөн Чет-Кызыл участогу жана Ак-Татыр айыл өкмөтүнөн Чет-Кызыл участогубириктирилип, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн административдик борбору Чоң-Талаа айылы деп бекитилсин.
- Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында катталып турган, “Кожешкен” жайлоосунун бардык аймагын жана Мала, Атсийди, Кош-Моло кыштоо жайыттарын Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн административдик аймагына кошууну сунуштайт.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысына жүктөлсүн .
Кеӊешинин тѳрагасы | Н.Артыков |