Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 1

 

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк башталгыч мектебин 

оптималдаштыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А. У. Жапаровдун  2024-жылдын 26-февралындагы №31-6 протколдук тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы  №1412/1 “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругунун негизинде депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк айылындагы Ак-Өтөк башталгыч мектебин оптималдаштыруу жүргүзгөндө окуучуларды жакынкы Ак-Турпак айылындагы Б. Нуралиев атындагы орто мектебине кошулууга макулдук берилсин.
  2. Ак-Өтөк башталгыч мектебинин окуучуларынАк-Турпак айылындагы Б. Нуралиев атындагы орто мектебине ташуу үчүн балдардын коопсуздугун эске алып транспорт уюштурулсун.

3.     Ак-Өтөк башталгыч мектебинин имараты  бошогондугуна байланыштуу Ак-Турпак айылындагы Балакай  балдар бакчасынын филиалы болуп 1 кыска мөөнөттүү тайпа болуп ачылсын.

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Д. Макановго жүктөлсүн .

 

   

 

 

Кеӊешинин тѳрагасы

Н.Артыков