Редакцияот 30.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткары № 10 - сессиясынын

2022-жылдын 30-апрели  № 6

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы № 16 сандуу катынын негизинде, Катта-Тал айылынын тургуну Кучканов Турсункулдун жеке менчигиндеги 1.084 га жер аянттын багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 24-мартындагы № 16 сандуу катында, Катта-Тал айылынын тургуну Кучканов Турсункулдун жеке менчигиндеги 1.084 га жер аянттын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени үйрөнүп чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын тургуну Кучканов Турсункулдун жеке менчигиндеги 1.084 га жер аянттын багытын, турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы

К. Сатторов