Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 2

 Төрт-Гүл айыл  өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын аймагынан 2,0 га

жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө.

 

Жалал-Абад шаарынын “Аман-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомунун  жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун сунушу менен, Баткен шаарына ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн, курулуш материалдарын даярдоо үчүн жер аянтын убактылуу бөлүп берүү жөнүндө депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  IVсессиясы

токтом кылат:

 

  1. Баткен шаарына ипотекалык үйлөрдү куруу максатында, курулуш материалдарын даярдоо үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан Кожашкан дарыясынын жээгинен 2,0 жер тилкеси“Аман-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомунаубактылуу пайдаланууга макулдук  берилсин.
  2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жүктөлсүн

Кеӊешинин тѳрагасы

Н.Артыков