Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 4

 

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан  2023-жылдын 31-декабрыначейинки аралыкта бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө

           Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы талкууланып, айылдык Кеңештин төрагасы Н. Артыковдун  сунуштамасын депутаттар арасында кенириталкуужүрүп, Төрт-ГүлайылдыкКеңешинин VII чакырылышынынкезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы,2024-жыл киреше бөлүмүнүн  планына кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысына 181,9 миң сом акча каражаты кириштелип 2215 статьясына коюлсун.
  2. 2021-жылы чыгарылган ВАЗ-212134,кызматтык “Нива Тайга” автоунаасын айыл өкмөттүн балансына алуу үчүн  иш жүргүзүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Д. Макановго милдеттендирилсин.

Кеӊешинин тѳрагасы

Н.Артыков