БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I–СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27 ноябрь айы №2
Балыкчы шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 40-беренесине ылайык, эсептөө комиссиясынын жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарынын негизинде Балыкчы шаардык Кенеши ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Балыкчы шаардык Кеңешинин төрагалыгына 16 добуш менен Аманалиев Дастан Жумадилович шайланды деп таанылсын.
- Кабыл алынган токтом Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
- Балыкчы шаардык кеңешинин 2021-жылдын 6-майындагы №1 “Балыкчы шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
- Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Сессияда төрагалык кылуучу, шаардык
кеңештин депутаты _________ Т. Давлетов