Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

 

2024-жылдын 9-сентябры № 70

   Муниципалдык транспорттордун кызмат көрсөтүү  акысын бекитүү жөнүндө.        

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Орзбеков муниципалдык ишканасынын бухгалтери Т. Матысаковдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Орозбеков муниципалдык ишканасынын балансында турган фронталдык жүктөгүч жана “Хова” үлгүсүндөгү  жүк ташуучу техикаларынын кызмат көрсөтүү акысы саатына 2000 сомдон (дизелдик күйүүчү майы ичинде) деп белгиленсин.
  2. Техникалардын кызмат көрсөтүүсү мыйзам чегинде жүрүүсүн көзөмөлдөө жана   кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражатты туура багытта пайдалануу муниципалдык ишкананын жетекчисине  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Бактыбаев