Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

 

2024-жылдын 9-сентябры № 71

 Көтөрмө айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-декабрындагы “Кескен-Таш айылына бала бакча курууга жер аянтын ажыратуу” жөнүндө №9/2 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

 

     Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Көтөрмө айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-декабрындагы “Кескен-Таш айылына бала бакча курууга жер аянтын ажыратуу” жөнүндө №9/2 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
  2. Кескен-Таш айылында жайгашкан Молдо Нияз мектеп-гимназиясынын көмөкчү чарба эсебинде турган жер аянтынан бала бакча куруу үчүн 0.55 га жер бөлүп берүү  жагы айыл өкмөттөн суралсын.
  3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,  жерди бөлүп берүү Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б. Мажитовго тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бактыбаев