Редакцияот 19.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ    ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН     I–СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 27 ноябрь айы №6

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын

20-сентябрындагы № 271 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө”

Жарлыгын  ишке ашыруу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына жана Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобого ылайык,  Балыкчы шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды даярдоо жана өткөрүү максатында, Балыкчы шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Балыкчы шаарынын жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйыны (мындан ары жергиликтүү Курултай) 2024-жылдын 7-декабрында (ишемби), саат 10:00дө, Ж.Абдрахманов көчөсү 318 дарегинде (Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө) өткөрүү белгиленсин.

 

2. 1-тиркемеге ылайык курамда Балыкчы шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин.

 

3. 2-тиркемеге ылайык Балыкчы шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү графиги бекитилсин.

 

4. 3-тиркемеге ылайык Балыкчы шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын  жыйынын өткөрүүгө жооптуу Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси бекитилсин.

 

5. Балыкчы шаарынын жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынына – жергиликтүү Курултайга катышуучулардын жалпы чени – 200 делегат санында белгиленсин:

Балыкчы калктуу конушунан -160 делегат;

Ак-Өлөн калктуу конушунан - 10 делегат;

Көк-Мойнок-1 калктуу конушунан - 10 делегат;

Көк-Мойнок-2 калктуу конушунан - 10 делегат; 

Орто-Токой, Таш-Сарай калктуу конушунан - 10 делегат.

 

6. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топко милдеттендирилсин:

1. 2024-жылдын 5-декабрына чейинки мөөнөттө (4-5-декабрь) жергиликтүү Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү;

2. Жергиликтүү Курултай тууралуу Балыкчы шаарынын калкына маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзүү;

3. Курултайда бекитүү үчүн Балыкчы шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын күн тартибинин долбоорун иштеп чыгуу.

  1. Балыкчы шаарынын мэриясы- жергиликтүү Курултайды уюштурууга жана өткөрүүгө  байланышкан уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин.
  1. Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө, жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды көрүү жагы тапшырылсын.

 

9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы Д.Аманалиевге,  Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азаматка жүктөлсүн.  

 

 

Сессияда төрагалык

кылуучу,  шаардык 

кеңештин депутаты                                                            Т. Давлетов__________

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Балыкчы шаардык кеңешинин

2024-жылдын 27- ноябрындагы

№ 6_ токтомуна 1-тиркеме

 

Балыкчы шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жана өкүлчүлүктү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун

КУРАМЫ

 

Жумушчу топтун төрагасы:

Аманалиев Дастан Жумадилович - Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы.

 

Жумушчу топтун төрагасынын орун басарлары:

Калназаров Таштан Карачаевич-Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;

Эсентуров Асылмырза Нурбекович -Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;

Байгазиев Алмаз Белекович-   Балыкчы шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.

 

Жумушчу топтун катчысы :

Шаршеналы кызы Айгуль  -    Балыкчы шаардык Кенешинин жооптуу катчысы

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

1.      

 Исагалиева Н.Б.

 

Балыкчы шаарынын мэриясынын  кадрдык ишмердик , иш кагаздарды  жүргүзүү, тескөө жана архив, уюштуруу иштери боюнча адис

2.      

Султанбаева М.К.

Балыкчы шаарынын мэриясынын социалдык саясат боюнча башкы адиси

3.      

Иманканова А.Б.

Балыкчы шаарынын мэриясынын  экономика жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

4.      

Самудинова Ж.А.

Балыкчы шаарынын мэриясынын социалдык саясат боюнча  сектор  башчысы

5.      

Турдумамбетова И.Т.

Балыкчы шаарынын мэриясынын  башкы адиси-юристи

6.      

Шаршембекова Э.Ж.

Балыкчы шаарынын мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуналдык чарбасы боюнча башкы адиси

7.      

Баратов Т.Б.

Балыкчы шаарынын мэриясынын  экономика жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси

8.      

Асаналиев Т.К.

Ак-Өлөң айыл башчысы

9.      

Тынчтыкбекова А.

Балыкчы шаарынын мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуналдык чарбасы боюнча адиси

10.  

Сасыков Ж.

Көк-Мойнок - 1 айыл башчысы

11.  

Жукалаев У.

Балыкчы шаарынын мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуналдык чарбасы боюнча жетектөөчү адиси

12.  

Мураталиев М.

Көк-Мойнок-2 айыл башчысы

13.  

Маратов М.

Балыкчы шаарынын мэриясынын социалдык саясат боюнча    жетектөөчү адис

14.  

Жаманакова М.

Орто-Токой айыл башчысы

15.  

Улан Дүйшөналы

Балыкчы шаарынын мэриясынын  экономика жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн  башкы адиси

16.  

Эсенаманова  Ж.С.

Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы

17.  

Мусабаева Д.С.

Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысы