ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 72
Патент салыгынан түшүүчү каражатты пландан алып коюу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Орзбеков айыл өкмөтүнун чарба башчысы З. Максутовдун баяндамасын угуп, Салык кодексине ылайык Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Салык кодексине ылайык 2024-жылдан тартып сатуу түрүндөгү патент салыгы жокко чыгарылып, салык төлөөчүлөр бирдиктүү салык режимине өткөндүгүнө байланыштуу, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын киреше бөлүгүнүн планына киргизилген патент салыгынан түшүүчү каражатты пландан чыгарууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомдун аткарылышын камсыздоо Орозбеков айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык бөлүмүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |