ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 75
“Берекелүү аймак” долбоорунун негизинде түзүлүп жаткан кооперативге жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, айылдык кеңештин депутаты Н. Исакованын баяндамасын угуп, Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймагында COICA нын “Берекелүү аймак” долбоорун ишке ашыруу максатында, долбоордун негизинде түзүлүп жаткан кооперативге Күлдү айылынан 0.30 га жер аянты ажыратылып берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер аянтын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б. Мажитовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл чарбасы, жер жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |