Редакцияот 19.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЛЫКЧЫ    ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН  XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН   КЕЗЕКСИЗ II–СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 5- декабрь айы  №3

 

Үлүштүк  дем ( берүүчү) гранттардын  эсебинен  кош каржылоого

долбоорлорду  тандоо  боюнча шаардык  комиссиянын 

курамын бекитүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2015 жылдын 21 апрелиндеги  №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун  аткаруу  максатында Балыкчы  шаар       мэриясынын  29.11.2022 ж. № 01-13/908 кайрылуусун карап талкуулап,  Балыкчы  шаардык  Кеңешинин   кезексиз  сессиясы

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

 

  1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кош каржылоого долбоорлорду карап чыгуу жана бекитүү боюнча комиссиясынын  курамы  № 1  тиркемеге  ылайык бекитилсин.
  1. Бул токтом  кабыл алынгандыгына  байланыштуу  шаардык Кенештин 2024-жылдын 21-декабрындагыXIII cессиясынын №4 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  1. Балыкчы  шаардык Кеңешинин мамлекеттик  тилде кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.
  1. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
  1. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө  алуу  жагын  шаардык  кеңештин  экономика, салык, бюджет жана финансы маселелери  боюнча депутаттык  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кеңештин төрагасы                                                                          Д.Ж.Аманалиев__

 Балыкчы  шаардык Кеңешинин 

                                                                                              II сессиясынын  № 3

                                                                                              токтомуна  № 1 тиркеме

 

 

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кош каржылоого долбоорлорду карап чыгуу жана бекитүү боюнча  

комиссиясынын  курамы :

 

Жансеркеева М.М. – Шаардык  Кеңештин экономика, салык, бюджет жана      

                                     финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын

                                    төрагасынын орун басары

 

Кожомбердиев К.Ш. - Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин

                                      Балыкчы башкармалыгынын башчысы;

 

Кадаев С.Б. -         Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн

                                      аппаратынын аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн           

                                      жетектөөчү адиси;

 

Абыкаев Б.Д - КР МК мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түндүк аймактык аралык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

 

Каныбеков А. –          “Ордо” муниципалдык жаштар борборунун төрагасы;

 

Бейшенбеков Т.К. –   “Балыкчы” шаарынын “Ынсап элим” коомдук

                                      фондусунун жетекчиси;

 

Садыков А.             – “Данко” коомдук фонддун жетекчиси;

 

Бектиянов К. У. –       “Балыкчы Жаштар Ынтымагы” коомдук бирикмесинин

                                     төрагасы, Балыкчы шаарынан консультативдик

                                     кеңешинин мүчөсү;

 

Жоломан уулу Мөлтүр -“Ак-Өлөң” жаштар бирикмеси;