Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

 

2024-жылдын 9-сентябры № 78

 Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-2026-2027-жылдарга карата божомолун бекитүү жөнүндө.

 

     Күн тартибиндеги  маселени карап жана талкуулап, Орозбеков  айыл өкмөтүнүн социалдык эконмикалык бөлүмүнун  башчысы А. Эгембердиевдин  Орозбеков айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин 2025-2026-2027-жылдарга болжолдуу көлөмү “Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджеттери жөнүндө  кодексинин негизинде түзүлүп сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү  билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Орозбеков  айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

                                                   

  1.  Орозбеков айыл өкмөтүнүн   атайын каражаттарын кошкондо 2025-жылгы бюджетиниин киреше бөлүгүнүн  болжолдуу планы  32089, 7 миң сом, 2026-жылга  34440,1миң сом,  2027-жылга  37401,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Орозбеков  айыл өкмөтүнүн  аймагындагы атуулдарга салык төлөмдөрүнүн жеңилдиктерин пайдалануу боюнча салык кодексинин 344-беренесинин негизинде ДРА, ЧАЭС , пенсионерлер жана 1-2-топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуу  атуулдар 100 пайыз физикалык жер салык төлөмдөрүнөн  бошотулсун.
  3. Тамарка салыгы зоналык коэффицент (К3) 2,0 эсебинде бекитилсин.
  4.  Орозбеков  айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык  бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге  бюджеттин киреше бөлүгүнө  тийиштүү тиркемелерди түзүү милдеттендирилсин.
  5. Кадамжай аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун көңүлгө  алуу жагы суралсын.
  6.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы бюджет жана финансылык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..

Төрага

А.Бактыбаев