Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 736 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) жалпы принциптери
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, товарларга жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүүнүн жол-жобосун, бирдиктүү принциптерин, уюштурууну жана методикасын аныктайт.
2. Санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунучтуу продукцияны (товарларды) ташып келүүнү, алып келүүнү, жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) келип чыгышын жана жайылышын алдын алуу максатында өткөрмө пункттарында, жүктөрдү бажылык тариздөө жерлеринде адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынуучу продукцияларга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү.
3. Санитардык-карантиндик пункт (мындан ары - СКП) - мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жерлеринде адамдарды, транспорт каражаттарын жана контролго алынуучу товарларды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай контролду жүргүзүүчү кызмат адамдарын жайгаштыруу үчүн багытталган, ушул Тартиптин 1, 5-тиркемелерине ылайык Санитардык-карантиндик контролду уюштуруу үчүн имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жабдууга карата типтүү талаптарга ылайык келген атайын жабдылган кызматтык жайлар, аймак.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында, жүктөрдү бажылык тариздөө жерлеринде (мындан ары - БТЖ) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-карантиндик пункттарды уюштурат.
Коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдар (эпидемиялар, пандемиялар, массалык уулануу учурлары ж.б.) келип чыккан учурда анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын чечими боюнча СКП (темир жол, автомобиль бекеттеринде, станцияларда, аэропорттордо, республикалар аралык, эл аралык авто жолдордо) уюштурулат.
5. Өткөрмө пункттарында аймакты санитардык коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чаралар Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерде, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) Аймакты санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жугуштуу (мите курт) оорулардын тизмегинде, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүү тартибинде каралган ооруларга карата, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда жүргүзүлөт.
Санитардык-карантиндик контролдоого тийиш болгон карантиндик жана башка жугуштуу (мите курт) оорулардын тизмеги ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык аныкталган.
6. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жарандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагына келип жаткан (кетип жаткан) жеке жактарга, мамлекетке таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан транспорт каражаттарына (аба кемелерине, темир жол жана автожол транспортуна), ошондой эле ЕАЭБ укугун түзүүчү актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон контролго алынуучу товарларга жайылтылат.
7. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында карап текшерүүнүн башка түрлөрүнөн мурда жүргүзүлөт. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жүргүзүүчү адамдар мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарына кире бериште транспорт каражаттарына, ошондой эле экипаж (бригада) мүчөлөрү, жүргүнчүлөр, ташылуучу жүктөр, мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү контролго алынган товарлар турган бардык жайларга эркин кире алат.
8. Мамлекеттик органдар (бажы, чек ара кызматтары), юридикалык жактар, өткөрмө пункттарынын инфраструктурасынын жана жүктөрдү бажылык тариздөө жерлеринин менчик ээси болуп саналган уюмдар СКПны, жугуштуу оорулар менен ооруган адамды убактылуу обочолонтуу үчүн изоляторду жайгаштыруу үчүн зарыл болгон жайларды акысыз негизде берет, авто, авто токтотуучу жай, темир жол туюгу үчүн санитардык аянтчаны аныктайт жана уюштурууну камсыздайт.
9. Бекитилген Тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы ЕАЭБдин мамлекеттик/бажы чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл (контроль) жүргүзөт.
10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин профилдик мекемелери санитардык коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга консультациялык-методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт, атап айтканда:
1) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон контролго алынуучу товарларга мамлекеттик каттоо жана экспертизалоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин техникалык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери;
2) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө (контролдоо);
3) транспорт ишканасынын, аба кемесинин аймагын зоологиялык-паразитологиялык изилдөө (кемирүүчүлөрдүн, курт-кумурскалардын болушуна) I жана II патогендик топтогу микроорганизмдерди жуктурууга шектелген материалды лабораториялык диагностикалоо;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган жугуштуу оорулардын клиникасы жана эпидемиологиясы, жугуштуу ооруларды козгогучтарды алып жүрүүчүлөрдү жана таратуучуларды аныктоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында транспорт каражаттарына жана объекттерге алгачкы эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча СКП медицина кызматкерлерин даярдоо.