ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 80
“Күлдү” айылынын тургуну А. Алмиованын арызы жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, айыдык кеңештин депутаты Н. Исакованын А. Алимованын арызы жөнүндө баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинин 19-20-беренелерине ылайык Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айылынын тургуну тоголок жетим Мирзаев Шахсанамдин учурда Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжинде келишимдин негизинде окуп жаткандыгына байланыштуу, келишимдин бир жылдык каражаты 20 000 (жыйырма миң сом) Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
- Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |