ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры № 82
Учкун айылынын Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөсүнүн 400 метр аралыгына асфальт төшөө боюнча дем берүүчү(үлүштүк) грантка даярдалаган долбоорду колдоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап, айыл өкмөттүн ивестиция жана сатып алуулар боюнча башкы Д. Сатыбалдыевдин баяндамасын угуп, Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- 2025-жылга карата жалпы сметасы 2.347 904 (эки миллион үч жүз кырк жети миң тогуз жүз төрт) сом болгон Учкун айылынын Кыргызстан 60 жылдыгы көчөсүнүн 400(төрт жүз) метр аралыгына асфальт төшөө боюнча КР Фининсы Министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү(үлүштүк) грантка даярдалган долбоорду колдоо максатында айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен өздүк салым катары 360 000(үч жүз алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевга милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |