КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 4/5
Сары-Кашка айылынын бир көчөсүнө маркум Мырзакеев Абдимомундун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Сары-Кашка айылынын бир көчөсүнө маркум Мырзакеев Абдимомундун ысмын ыйгаруу жөнүндө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 4- сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Сары-Кашка айылынын бир көчөсүнө маркум Мырзакеев Абдимомундун ысмын ыйгаруу жөнүндө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу колдоого алынсын.
2. Сары-Кашка айылынын тургундарын таза-суу менен камсыз кылуу үчүн курулган суу кампадан баштап Мадраимов Алибеке чейин, мазардын түштүк тарабынан чер жайлоосу жака өткөн жол сайга чейин, маркум Мырзакеев Абдимомун атындагы көчө деп аталсын.
3. Маркум Мырзакеев Абдимомундун ысмы ыйгарылган көчөнү иретке келтирип тиешелуу үй номерлерин жайгаштыруу жагы демилгелүү топко жана уул кыздарына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев. |