МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 34
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027 жылдар учун бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолун бекитүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Хамралиевдин Молдо Нияз айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2025-2026-2027-жылдар үчүн божомолу жөнүндөгү билдирүүсүн 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-жылдын 5-айлык планынын аткарылышы 7157,3 миң сом,чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 7923,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Молдо Нияз айыл аймагынын 2025-жыл үчүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн божомолу 25496,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Молдо Нияз айыл аймагынын 2026-жыл үчүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн божомолу 26953,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Молдо Нияз айыл аймагынын 2027-жыл үчүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн божомолу 28791,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- 2025-2026-2027-жылдардын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолун аткарылышын мыйзам чегинде аткаруу жана көзөмөлдөө Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|