Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 токтомуна) |
Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "адал" стандарттарына шайкештигин сертификаттоо, маркалоо системасын жүргүзүүнүн, ишке ашыруунун жана аны өлкөлөр арасында өз ара таануунун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "адал" стандарттарына шайкештигин сертификаттоо, маркалоо системасын жүргүзүүнүн, ишке ашыруунун жана аны өлкөлөр арасында өз ара таануунун тартиби (мындан ары - Тартип) "адал" продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жана маркалоо чөйрөсүндөгү укуктук негиздерди, ошондой эле аны өлкөлөр ортосунда өз ара таануунун жол-жоболорун белгилейт.
2. Ыйгарым укуктуу органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын жана адал индустрия чөйрөсүндөгү жүгүртүүнүн катышуучуларынын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын адал индустриясы чөйрөсүндөгү мамлекеттик порталы (мындан ары - Мамлекеттик портал) аркылуу жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик порталды жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр:
1) Кыргыз Республикасынын адал индустриясы чөйрөсүндөгү мамлекеттик порталы - сертификатталган адал продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөөнү эсепке алуунун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы;
2) өтүнмө ээси - "адал" шайкештик сертификатын жана маркалоонун QR-кодун алууга өтүнмөнү жиберген адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучусу;
3) маркалоо - бул "адал" шайкештик сертификатына, продукциянын таңгагына же материалдарына уникалдуу эки өлчөмдүү штрих-кодду (QR-код) түшүрүү процесси, алар жөнүндө так маалыматтар Мамлекеттик порталда да камтылган;
4) сертификаттоо боюнча органдар - адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары - резиденттери;
5) регламент - Мамлекеттик порталдын алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген "адал" шайкештик сертификатын тариздөөдө - ыйгарым укуктуу органдардын, сертификаттоо боюнча органдардын жана адал индустрия чөйрөсүндөгү жүгүртүүнүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө документ;
6) адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарт - стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынган стандарт;
7) адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо - шайкештикти ырастоонун формасы, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча аккредитацияланган орган адал продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын жоболоруна шайкеш экендигин документ түрүндө күбөлөндүрөт;
8) "адал" шайкештик сертификаты - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен макулдашуу боюнча сертификаттоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан берилүүчү, адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына шайкештигин тастыктоочу документ;
9) адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик мекеме;
10) адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары - адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчү, экспорттоочу, сатуучу же импорттоочу катары Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар;