УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-августундагы № 213
Улахол айыл аймагынын Кара-Талаа айылындагы №13 мектепке чейинки 4 жана 5 жашка чейинки билим берүү уюмундагы балдардын ысык тамагына акча каражат кароо жөнүндө
-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Айыл Өкмөтүнүн бөлүм башчысы, башкы бухгалтер А.Кыдыкованын жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитеттинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бала бакчага барчу балдардын ата-энелеринен протоколунун негизинде балдардын ысык тамагына бала башына 1000 сомдон төлөнсүн.
- Бул токтомду аткаруу жагы Улахол айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы А.Кыдыковага милдеттендирилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №213 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева