Редакцияот 19.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIX СЕССИЯСЫНЫН

 

2024-жылдын 30-августундагы № 214

 

Улахол айыл өкмөтүнүн статист экономист адисине 3 айлык льгота төлөп берүү жөнүндө

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Улахол айыл өкмөтүнүн бөлүм  башчысы  А.Кыдыкованын жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу  комитеттинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Улахол айыл өкмөтүнүн МЧС кызматкеринен үнөмдөлгөн акча каражатынан статист экономист кызматкери К.Абыталиповага 3 (үч) айлык льготасы төлөнүп берилсин.
  1. Токтомду аткаруу жагы Улахол айыл өкмөтүнүн бөлүм  башчысы  А.Кыдыковага милдеттендирилсин.
  1. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №214 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 Төрага        А.Жолалиев

 

Катчы                               Д.Чыныбаева