УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIX СЕССИЯСЫНЫН
2024-жылдын 30-августундагы №215
Кара-Шаар айылындагы Т.Салыкбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин спорт залына ысым ыйгаруу жөнүндө
-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Кара-Шаар айылындагы Т.Салыкбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору А.Эркимбаеванын, мектептин педагогикалык №1 кеңешмесинин негизинде жана укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Шаар айылындагы Т.Салыкбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин спорт залына мектептин ардагери дене тарбия мугалими Үсөнакунов Ыскак Токталиевичтин ысымы ыйгарылсын.
- Мектептин ардагер дене тарбия мугалими Үсөнакунов Ыскак Токталиевичтин үй-бүлөө мүчөлөрүнө спорт залдын ар кандай социалдык маселелерин чечүү жагы түздөн түз жеткирилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Кара-Шаар айылындагы Т.Салыкбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору А.Эркимбаевага милдеттендирилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №215 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева