Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 39

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылында жайгашкан газ бөлүштүрүүчү станциясын жылдыруу үчүн  Торговый жана Кайтпас автожолунун күн батыш тарабынан 0,50 га жер аянтын бөлүп  берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана аймактагы инфраструктураны өнүктүрүү максатында, 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги 8-сессиясында Кыргыз-Кыштак  айылында жайгашкан газ бөлүштүрүүчү станциясын жылдыруу үчүн  Торговый жана  Кайтпас автожолунун күн батыш тарабынан 0,50 га жер аянтын бөлүп  берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жоболоруна ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак  айылында жайгашкан газ бөлүштүрүүчү станциясын жылдыруу үчүн Торговый жана  Кайтпас автожолунун күн батыш тарабынан 0,50 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов