УЛАХОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIX СЕССИЯСЫНЫН
2024-жылдын 30-августундагы № 216
Кара-Талаа айылынын Кырман участогундагы жаңы курулган имаратты ижарага берүү жөнүндө
-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Кара-Талаа айылынын Кырман участогундагы жаңы курулган имаратты ижарага берүү боюнча айыл чарба, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Талаа айылынын Кырман участогундагы жаңы курулган имараты Кара-Талаа айылынын тургуну Н.С.Жумакадыровго ижарага берилсин.
- Н.С.Жумакадыров менен 3 жылдык мөөнөткө, алгачкы бир жылын жеңилдик менен келишим түзүү аркылуу берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №216 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева