Редакцияот 05.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы

2024-жылдын 05-июну  №13/5

Бириктирилген Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин   28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын 24.04.2024-жылдагы  №1 токтомун кароо жөнүндө

 

Бириктирилген Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын «2023-жылга карата Казан-Куйган айыл аймагындагы ички тартип эрежелерин киргизүү жөнүндө» 2023-жылдын 24-апрелиндеги №1 токтомун жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 03-июнундагы №17 сандуу катын карап жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII  кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Бириктирилген Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын «2023-жылга карата Казан-Куйган айыл аймагындагы ички тартип эрежелерин киргизүү жөнүндө» 2023-жылдын 24-апрелиндеги №1 токтомунун 6-пунктусу «Сугарылган 1 га жер үчүн айыл тургундары тарабынан 500 сомдон берилсин» талабы аткарууга  алынсын.

2.     Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.     Бул токтомдун аткарылышын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Миназаровго милдеттендирилсин.

Төрага

Ы. Бакаев