Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

2023-жылдын 27-сентябры № 4/7

Айыл өкмөтүн бюджетине толуктоолорду жана ич ара жылдыруу, топтоштуруулар жөнүндө

Айыл өкмөтүн бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү Б. Тасмабек уулунун маалыматын жана бюджет комиссиясынын берген чечимин Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы угуп жана талкуулап

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин айыл өкмөттүн бюджети боюнча өзгөртүүлөр жана ич ара жылдыруулар боюнча айыл аймактан муктаждыка карап келип түшкөн сунуштар, долбоорлор ошондой эле жогорку мамлекеттик органдардан келип тушкөн жарлык, токтом, жоболорго ылайык чыгашалар симетасына ич-ара бөлүмдөн-бөлүмгө, статьядан-статьяга жылдыруу боюнча маалыматы айылдык кеңештин “Бюджет жана экономика ” маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен айыл өкмөттүн чыгашалар планынан ич ара жылдыруулар менен акча каражаттары чыгымдоого алынсын.

2. Республикалык бюджет эсебинен каржыланган 325000 сом үлүштүк жер салыгынын акча каражаты Б-70111; 2111 статьясына 150000 сом, Б-70629 2215 статьясына 175000 сом долбоорлорду ишке ашырууда ПСД ларын даярдоо үчүн, жалпысы 325000 сом.

3. -Бөлүм 70111, 3112 статьясынан 60000 сом кемитилип

-Бөлүм 70821, 3112 статьясынан 25000 сом кемитилип

-Бөлүм 70911, 2221 статьясынан 28000 сом кемитилип

-Бөлүм 70629, 3111 статьясынан 100000 сом кемитилип

-Бөлүм 70921, 2222 статьясынан 50000 сом кемитилип

Жалпысы: 263000 сом.

- Бөлүм 70629, 2215 статьясына 218000 сом акча каражаты жайгаштырылып айыл аймакты өнүктүрүүгө түзүлүп жаткан долбоорлорго керектелүүчү иш кагаздарын жасатууга жана айыл аймактагы социалдык мекеме уюмдардын электро техникалык лабараториядан өткөрүүгө жумшалсын.

- Бөлүм 70911, 2222 статьясына 45000 сом акча каражаты жайгаштырылып айыл аймактагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кышка карата даярдык көрүү үчүн керектелүүчү каражаттар менен камсыздоого жумшалсын.

Жалпысы: 263000 сом.

 

4. Жогорку акча каражаттарын планга жайгаштыруу жылдыруу, топтоштуруу жана жогорку финансылык органдарга кайрылып акча каражаттарын чыгымдоо ФЭБнө милдеттендирилсин.

5. Акча каражатын планга ылайык сатып алуулар парталына жайгаштыруу жагы сатып алуулар боюнча башкы адис Маратбек уулу Туратбекке милдеттендирилсин.

6. Акча каражатын чыгымдоо жагы ФЭБ башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.

7. Айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, сессияга сунушталган чечимдери бекитилсин.

8. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Мавлянов айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жана Айылдык Кеңештин “Бюджет жана экономика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.