Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

2023-жылдын 27-сентябры № 4/10

Мундуз айылынын тургуну Шадыканова Тургунжанга там арка жер аянты үчүн 0,10 га жер берүү жөнүндө

Мундуз айылынын тургуну Шадыканова Тургунжанга 0,10 га там арка жер аянтын берүү үчүн айыл өкмөттүн жер комиссисынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы №4 чечимин Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 4- сессиясы угуп жана талкуулап

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Мундуз айылынын тургуну Шадыканова Тургунжанга 0,10 га там арка жер аянтын берүү үчүн айыл өкмөттүн жер комиссисынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы №4 чечимине макулдук берилсин.

 

2. Мундуз айылынын тургуну Турдалиев Баямандын пайдаланып жүргөн жер аянтынын ашыкча жеринен бөлүп берүү жагы эскертилсин.

 

 

3. Шадыканова Тургунжанга өзүнүн иниси Турдалиев Баямандын пайдаланып жүргөн жер аянтынын ашыкча жеринен там арка үчүн бөлүнүп берилген 0,10 га жердин документтерин даярдоодо, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн жер жана турак жай адиси А.Абдырахмановго милдеттендирилсин.

 

4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Мавлянов айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.