Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 48

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы кичи футбол аянтчасынын капиталдык оңдоо Кыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү  грантына даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы кичи футбол аянтчасынын капиталдык оңдоо Кыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорду сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы кичи футбол аянтчасынын капиталдык оңдоо КР Үлүштүк дем берүүчү  гранты менен каржыланып жаткан долбоорго  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 388 007 (үч жүз сексен сегиз миң жети) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов