МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 49
Молдо Нияз айыл аймагындагы магистралдык лоток-канал куруу жөнүндө
2024-жылдын 29-август күнү өткөн Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин отурумунда, айыл аймагынын калкынын сугат суу менен камсыздалышын жакшыртуу максатында жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарттарды түзүү үчүн магистралдык лоток-канал куруу маселесин угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылынын сугат суу менен камсыздоо максатында Адыр көчөсүнүн 1,5 км аралыкка магистралдык лоток-канал курулсун.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|