Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 50

 

Чукур-Кыштак жана Адыр айылдарын байланыштырып туруучу борбордук жолдун 1.0 км аралыгына асфальт төшөө жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак жана Адыр айылдарын байланыштырып туруучу борбордук жолдун абалын жакшыртуу үчүн жолдун 1.0 км аралыгына асфальт төшөө боюнча маселени 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги 8-сессиясында талкуулап,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чуку-Кыштак жана Адыр айылдарын байланыштырып туруучу борбордук жолдун 1.0 км аралыгына,  асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн, тийиштүү долбоордун сметалык документтерин даярдап, каржылоонун булагын аныктап, асфальт төшөө иштери уюштурулсун.
  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов