Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2023-жылдын 27-июлу № 2/4

Айыл өкмөттүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Айыл өкмөттүн бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү Б.Тасмабек уулунун маалыматын жана бюджет комиссиясынын берген чечимин Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин айыл өкмөттүн бюджетинин алты айлык пландын аткарылышы жана жумшалышы боюнча жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Аймактын социалдык муктаждыктарына карап, Бөлүм 70111 ст. 3111 де турган 667700 сом акча каражаты кыскартылып, С.Касымбеков жана Ы.Абдыкааров атындагы бала-бакчалардын от казандарын жаңылоого Б-70911 ст 2222 бөлүмүнө 500000 (беш жүз миң) сом, айыл өкмөттүн кеңсесин жана аймактын тиешелүү жерлерин актап сырдоого ошондой эле көрнөк жарнактарын, символикаларын жаңылоого керектелүүчү материалдарды сатып алууга 167700 (бир жүз алтымыш жети миң жети жүз) сом акча каражаты Б-70111 ст- 2222на жылдырылып аткарууга алынсын.

 

3. Республикалык бюджет эсебинен каржыланган үлүштүк жер салыгынын каржыланышын планга кийрүү боюнча тиешелүү финансылык жогорку органдардан суралып, акча каражатынын келип түшүүсүнө карап, чыгашалар симетасынын Б-70111, 2211 статьясына 80000(сексен миң) сом, 2214 статьясына 95000(токсон беш миң)сом жайгаштырылып чыгымдоого алынсын. Мыйзамдуу бюджет кодексине ылайык аткаруу жагы ФЭБнө милдеттендирилсин.

 

4. Сары-Кашка жана Семет айылдары үчүн курулуучу жаңы мечиттин сметасын жана проектисин түздүрүүгө түрдүү чыгымдар эсебинен Б-70629 ст-2215 225000 (эки жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

5. Айылдык кеңештин 03.02.2023-жылы №1/13 “Үлгүлүү айыл” “Үлгүлүү көчө” деген аталыштагы конкурс өткөрү боюнча чыгарылган токтомуна негиз аталган статуска ээ болуп аныкталгандарга кызыктыруучу сыйык катары берүүгө 2023-жылдын чыгашалар симетасынын түрдүү чыгымдар эсебинен 150000 (бир жуз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

6. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жана айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.