Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2023-жылдын 27-июлу № 2/5

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдын алты ай аралыгында аткарган иштери боюнча маалыматы

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдын алты ай аралыгында аткарган иштери боюнча маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.  Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдын алты ай аралыгында аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.

 

2. Жыл башында бекитилген планды өз убагында аткаруу жана жайлоодон эрте келген чабандарды иреттеп жайыттарга жайгаштырып чабандарга шарт түзүп берүү жагы ЖПБнын төрагасына жүктөлсүн.

 

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.