Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 52

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак жана Адыр айылдарынын суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө жөнүндө

 

 

 Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак жана Адыр айылдарынын калкынын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында, айыл тургундарын сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана суу түтүктөрүнүн эскиришинен улам пайда болгон көйгөйлөрдү жөнүндөгү маселени 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги 8-сессиясында угуп жана  талкуулап,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур Кыштак жана Адыр айылдарындагы  сугат суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө  иштери жүргүзүлсүн.
  1. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов