Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 53

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак  жана Адыр айылдарындагы электр энергиясы менен байланыштыруучу жогорку күчтөгү үч фазалуу электр мамычаларын айыл ичинен борбордук жолго

алып чыгуу жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак жана Адыр айылдарында жайгашкан жогорку күчтөгү электр мамычаларынын айыл ичинде жайгашуусунан келип чыккан кооптуу абалды жоюу жөнүндөгү маселени 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги 8-сессиясында угуп жана  талкуулап,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукур-Кыштак жана Адыр айылдарындагы жогорку күчтөгү үч фазалуу электр мамычаларын, айыл ичинен борбордук жолго алып чыгуу боюнча иштер башталсын.
  1. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы жана каржылоо булактарын, анын ичинде республикалык бюджеттен жана энергетикалык тармактардан каражат изилдөө иштери Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов