МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 54
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылына жаңы типтеги бала бакча куруу жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылындагы мектепке чейинки балдарга билим берүү максатында, заманбап шарттарда иштей турган жаңы типтеги бала бакчанын курулушун уюштуруу жөнүндөгү маселени 2024-жылдын 29-августундагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылындагы мектепке чейинки балдарга билим берүү максатында, заманбап шарттарда иштей турган жаңы типтеги бала бакчанын курулушун баштоого макулдук берилсин
- Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы жана бала бакча куруу үчүн жер аянтын аныктоо, курулуш иштерин аткаруу үчүн долбоордук-сметалык документтерин даярдоо, каржылоо булактарын аныктоо, республикалык жана эл аралык фонддор менен кызматташуу иштерин жүргүзүү боюнча Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|