МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 56
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы Ташбек Чотонов көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы Ташбек Чотонов көчөсүнө 2025-жылы курууга пландаштырылып жаткан 1,5 км аралыкка асфальт төшөө боюнча долбоорго жалпы сметалык баасынын 15% өлчөмүндөгү каражат Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен бөлүп берүү жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы Ташбек Чотонов көчөсүнө 1,5 км аралыкка асфальт төшөө долбооруна Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмүндөгү каражат айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылансын.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|