Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2023-жылдын 27-июлу № 2/6

Суу пайдалануучулар ассоцасиясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

СПАнын башчысы С.Кулманбетовдун алты ай аралыгында аткарган иштери боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. СПАнын башчысы С.Кулманбетовдун алты ай аралыгында аткарган иштери кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Сугат сууну өз убагында график менен дыйкандарга жеткирүү жана камсыз кылуу жагы СПАнын башчысына жүктөлсүн.

 

3. Өз билемдик менен сугат сууну буруп алгандарга бузуулар кодексине ылайык чара колдонулсун.

 

4. Аталган токтомду www.koshbobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.