Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 57

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы “АРИС” мектебин капиталдык оңдоого райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы “АРИС” мектебин капиталдык оңдоого райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорду сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы “Арис” мектебинин капиталдык оңдоодон райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруменен каржыланып жаткан долбоорго  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 744 067 (жети жүз кырк төрт миң алтымыш жети) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагыгнын өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов