Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын III уюштуруу сессиясынын

2024-жылдын 28-ноябры  №1

 

“Токтогул шаарында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу жана Элдик курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 20.09.2024-жылдагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №271 Жарлыгына, Улуттук Кеңештин 16.12.2023-жылдагы № 1 чечими менен бекитилген Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын III уюштуруу сессиясы, токтом кылат:

           

  1. Токтогул шаарында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү, Элдик Курултайдын делегаттыгына талапкерлерди көрсөтүү боюнча иштер тиешелүү ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүзүлсүн.
  2. Жогоруда аталган жыйналыштарды уюштуруу үчүн жумушчу топтун курамы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
  3. Токтогул шаарында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары 2024-жылдын 4-декабрына,  шаарга караштуу айыл аймактарда 2024-жылдын 5-декабрына чакырылсын.
  4. Тиешелүү бөлүктөрдө ар бир жыйналышка 50 адамдан кем эмес жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу камсыздалсын.
  5. Аймактардагы жашоочулардын санына жараша, кийинки өкүлчүлүктүү жыйналышка катышуу үчүн жалпысынан 200 (эки жүз) өкүл шайлансын;.
  6. Өкүлдөрдү аныктоодо тармактык, гендердик, этностук жана жаш курактык принциптер эске алынсын.
  7.  Жыйналыштарды өткөрүнүн орду, убактысы, жооптуу депутаттардын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
  8.  2024-жылдын 07-декабрына өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүлсүн, алардын ичинен Элдик Курултайдын делегаттыгына Токтогул шаарынан 3 (үч) талапкер шайлансын.

9. Ушул токтом менен бекитилген графикке ылайык, жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындардын өтө турган ордун, убактысын (айы, күнү, сааты) массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар, башка маалымат булактары аркылуу жергиликтүү калкка өз убагында жеткирилсин.

10. Өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү мекеме, уюмдардын жетекчилери менен алдын ала макулдашуу, ар бир аймакта өтүүчү жыйналышка тиешелүү санда жамааттардын өкүлдонүнүн катышуусун камсыз кылуу, өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жайды тиешелүү техникалык жана башка жабдыктар менен жабдуу боюнча иштерди жүргүзүү Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) тапшырылсын.

  1. Бекитилген график боюнча жыйындарга катышуучуларды каттоо, протоколдорун жазуу, алардын сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо иштери жумушчу топко милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү жумушчу топтун төрагасына (С.Т.Кылданов) тапшырылсын.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчысына (С.К.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

 

С.Т.Кылданов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин

I чакырылышынын 28.11.2024-жылдагы III уюштуруу сессиясынын № 03 токтомуна 2-Тиркеме

 

 

Токтогул шаарында жана ага караштуу айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги

 №

Жыйналышты өтүү орду

Күнү/айы

сааты

Шайлануучу өкүлдөрдүн

саны

 

Жыйналышка жооптуу депутаттар

1.

№28 Т.Ормонбеков атындагы  мектеп-лицейинде

2024-жылдын 4-декабры

Саат 10.00дө

17

 

У.Тойчубеков, Э.Медеров, Т.Нургазиев,

2.

Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде

2024-жылдын 4-декабры

Саат 11.00дө

23

 

К.Т.Куттубаева, Н.А.Оркулова, Б.Дүйшеналиев

3.

№13 “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү уюмунда

2024-жылдын 4-декабры

Саат 13.00дө

24

 

М.Т.Борбугулов, Р.Р.Токтосунов, Ч.Р.Иманбаев

4.

Токтогул атындагы орто мектебинде

2024-жылдын 4-декабры

Саат 14.00дө

24

 

А.Т.Тулекеева, У.К.Райымбеков

5.

Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебинде

2024-жылдын 4-декабры

Саат 15.00дө

22

 

Г.Д.Кыпчакбаева,  М.Ондошева, Б.Апсаматов

6

Комсомол айылындагы Манас атындагы мектебинде

2024-жылдын 5-декабры

Саат 10.00дө

18

 

Э.Ш.Акматжанов, Н.Т.Нурканов, А.Б.Жолдошбеков, Ж.Р.Байдылдаев

7

Кызыл Туу айылындагы Н.Бримкулов атындагы мектебинде

2024-жылдын 5-декабры

Саат 11.00дө

19

 

Т.К.Өзүбеков, А.О.Джаныбаева, М.М.Сарпашев

8

Куйбышев айылындагы А.Иманбаев атындагы мектебинде

2024-жылдын 5-декабры

Саат 12.00дө

17

 

А.Б.Көчкөнбаева, У.А.Асылбеков, Н.А.Асанбеков

9

Арал айылындагы Т.Тешебаев атындагы мектебинде

2024-жылдын 5-декабры

Саат 14.00дө

10

 

К.Р.Кенжеев

 

10

Жаңы-Жол айылындагы И.Умаров атындагы мектебинде

2024-жылдын 5-декабры

Саат 15.00дө

15

 

А.Беделбекова , А. Ш.Батырбеков

11

Кара-Суу айылындагы Т.Казатов атындагы мектебинде

2024-жылдын 5-декабры

Саат 16.00дө

11

 

Ж.Жапарова, Э.К.Эгембердиев

 

 

 

Төрага:

 

С.Т.Кылданов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин

I чакырылышынын 28.11.2024-жылдагы III уюштуруу сессиясынын № 03 токтомуна 1-Тиркеме

 

Токтогул шаарында жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

№

Аты -жөнү

Ээлеген кызмат орду

Жумушчу топтун төрагасы

1

Кылданов Сапар Токоевич

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы

Жумушчу топтун катчысы

2

Наралиева Саламат Качканкуловна

Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

Жумушчу топтун мүчөлөрү

3

Момунбекова Жазгүл Билишовна

Токтогул шаардык кеңешинин техникалык тейлөөчү кызматкери

4.

Каныбекова Айсулуу Каныбековна

Токтогул шаардык кеңешинин иш-кагаздарын жүргүзүүчүсү

5.

Кудакеева Майрам Усенкуловна

Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси

6.

Садыкова Нурмира

Токтогул шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси

7.

Нуртаза уулу Чынгыз

Комсомол айылынын айыл башчысы

8.

Дүйшебаев Кубан Асанбекович

Кызыл Туу айылынын айыл башчысы

9.

Керезбеков Айылчы Тынарбекович

Куйбышев, Арал  айылдарынын айыл башчысы

10.

Орозов Алмазбек Тургуналыевич

Кара-Суу айылынын айыл башчысы

11.

Муктарбеков Нурбек Муктарбекович

Жаңы-Жол  айылынын айыл башчысы

 

 

Төрага:

 

С.Т.Кылданов