Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын III уюштуруу сессиясынын

2024-жылдын 28-ноябры  №02

 

“Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Токтогул шаардык кенешинин төрагасынын орун басарына сунушталган талапкерлерди ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматты угуп, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын III уюштуруу сессиясы токтом кылат:     

 

  1. Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы менен төмөндөгү депутаттар:

1)    «Эл Үмүтү» саясий партиясынан депутат Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовна;

2)    «Бирге-Вместе» саясий партиясынан депутат Асылбеков Урматбек Айтмурзаевич Токтогул шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайланышкандыгы белгиленсин.

2.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

 

С.Т.Кылданов