Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын III уюштуруу сессиясынын

2024-жылдын 28-ноябры  №1

 

“Шаардык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”

          Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын төрайымы Г.Ж Кыпчакбаеванын маалыматын угуп, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын III уюштуруу сессиясы токтом кылат:

 

1.Токтогул шаардык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин (протокол тиркелет).

2. «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынан депутат Кылданов Сапар Токоевич Токтогул шаардык кеңешинин шаардык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

 

С.Т.Кылданов

 

 

 

 

 

 

 

 

Токтогул шаардык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын № 03 протоколу

 

28.11.2024-жыл Токтогул шаары

Катышышты:

Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Кыпчакбаева Г.Ж____________

 

Эсептөө комиссиясынын катчысы: ӨзүбековТ.К_________________

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: Куттубаева К.Т_____________

 

Оркулова Н.А________________

 

                                                           Жолдошбеков А.Б.____________

 

Күн тартиби:

1.Токтогул шаардык кенешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө бюллетендерди эсептөө, жыйынтыгын билдирүү_______________________

 

Эсептөө комиссиясынын төрайымы Кыпчакбаева Г.Ж _күн тартиби, шаардык кенештин төрагасын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.

Токтогул шаардык кенештин төрагасынын кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:

1. Кылданов С.Т__________________

2.______________________________

3._______________________________

4.________________________________

5.________________________________

 

Шаардык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча,эсептөө комиссиясы аныктады:

1. Шаардык/айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны: _____31______

(отуз бир).

2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны:___31__(отуз бир).

3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны:__28__(жыйырма сегиз).

4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны_28___(жыйырма сегиз).

5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны_3___( үч_).

6. Добуш берүү учүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны _28_( жыйырма сегиз_).

7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны__28__(_жыйырма сегиз_).

8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны____-____(_______-________).

 

Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны

1._Кылданов Сапар Токоевич__-_ 22__(жыйырма эки) добуш.

2. ________________________-___(__________) добуш.

3.________________________-___(__________) добуш.

4. ________________________-___(__________) добуш.

5. ________________________-___(__________) добуш.

 

Токтогул шаардык кенешинин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы

                                       чечти:

  1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кылданов Сапар Токоевич______ депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Токтогул шаардык кенештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

2. Бул протокол Токтогул шаардык кенешинин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы:_Кыпчакбаева Г.Ж______________

Эсептөө комиссиясынын катчысы: Өзубеков Т.К___________________