Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 74

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Чек айылындагы суу кудугун (скважина) капиталдык оңдоодон өткөрүүгө, райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Чек айылындагы суу кудукту (скважинаны) капиталдык оңдоодон өткөрүүгө райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорду сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Чек айылындагы суу кудукту (скважина) капиталдык оңдоодон өткөрүүгө райондук жана облустук өнүктүрүү фонддору менен каржыланып жаткан долбоорго  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 478 701 (төрт жүз жетимиш сегиз миң жети жүз бир) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагыгнын өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.Машрапов