Редакцияот 02.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 2-ноябры № 3/2

Айыл өкмөттүн жер жана турак жай адисине жерлер боюнча түшкөн арыздар менен иштөөсү жөнүндө

Айыл өкмөттүн жер жана турак жай адисине жерлер боюнча түшкөн арыздар менен иштөөсү жөнүндө айыл өкмөттүн жер жана турак жай адиси А.Абдырахмановдун берген маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1  Айыл өкмөттүн жер жана турак жай адиси А.Абдырахмановго жерлер боюнча түшкөн арыздар менен иштөөсү айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.

 

2  Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

 

3  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана мыйзамдуулук менен социалдык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Карабаев.