Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 76
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы 3 га жер аянтын курулуш материалдарын базасын түзүү үчүн райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы 3 га жер аянтын курулуш материалдарын базасын түзүү үчүн райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоордун жалпы сметалык баасынан 15% өлчөмү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы 3 га жер аянтын курулуш материалдарын базасын түзүү үчүн,райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары, долбоордун жалпы сметалык наркынын 15% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|