Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 80
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылына бала бакча куруу үчүн Ак-Ниет Агро тех сервистин балансындагы 0,35 га жер аянтын сатып алуу жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын калкынын суроо-талабы жана бала бакчага болгон муктаждыкты чечүү жөнүндөгү маселени, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Ниет Агро тех сервистин балансындагы 0,35 га жер аянтын Кыргыз-Кыштак айылына бала бакча куруу үчүн сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алынсын.
- Ушул токтомду мыйзам чегинде аткруу жагы жана жер аянтын сатып алуу боюнча тиешелүү жумуштарды жүргузүү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|