Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 81
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылындагы 0,25 га жер аянтын коммерциялык багытка которууга макулдук берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-июлундагы Молдо Нияз айыл аймагынын Кайтпас айылындагы 0,25 га жер аянтын коммерциялык багытка которууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайтпас айылында жайгашкан жалпы аянты 0,25 га болгон жер тилкесин, коммерциялык багытка которууга макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңештин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Машрапов |
|
|